КУТ БЕЛГИСИ БИЛИК
Бирди билген - тирик,
Миңди билген - билик.
Эл макалы
1919-жылдын эрте жазы.
Топон аралашкан ылай уютуп, андан момо-томолок жасап дубал уруп жаткан кишилерге
акылдуу көздөрү кыбыңдай карап, ойлуу олтурган Жыгаччы Сатай аке:
Бирди билген - тирик,
Миңди билген - билик,- дечү экен байыркылар. Эзелки боз үйүбүздүн ордуна эми
минтип там үй курганыңар жаңылык дегенде, кудай акы «тирик» менен «биликтин» маанисин
ал жолу мен туюна алган эмесмин. Адатымча момурай түшүп: Ии, байыркылар бизден башкача
айтышчу экен го деп ойлопмун.
Көрсө бирди билген - тирик - алдындагы ашка каниет кылып, айтканды өтөгөн жөн эле
киши экен. Миңди билген - билик - калк басып өткөн өмүрлөргө даана ой жүгүртүүлөр
заманда албан түрдүү бай, мазмуну терең окуяларга катышып, өз тажрыйбасын, соңкуларга
үлгү даанышман сөзмөрлөрдүн айткандарын, көрөгөч көсөмдөрдүн билгилигин, өтөгөн жакшы
иштерин, эр жүрөк эрен колбашчылардын жортуулда, айкашта, эл-жерди коргоодогу эрдик
ыкмаларын көрөгөчтүгүн, айкөлдүгүн, чебер устаттардын, зергерлердин, ажалга айла тапкан
табыптардын эбин коюңуз, деги ада