Мен бир кызга ашык элем. Мен дагы ага жагаарымды бирөөдөн укканмын, бирок чындыгын билбейм. Ал жөнүндө ойлосом эле, келечегим жаркын болуп көрүнөт. Ал жөнүндөгү баардык оюм таза. Ал жанды күнүгө жок дегенде бир жолу көрөм, мен аны көргөн кезде оюмдун баары ага байланат да калат. Ал чындап башкалардан айырмаланып турат. Анын бир сөзү эсимде: -Мен өзүмдү келечектеги жолдошум үчүн сактоону чечкем деген сымал айткан сөзү эсимде. Ошол сөздү укканда чындап ыраазы болгом жана Аллах ыраазы болушун тилегем. Чындап Жараткандын ыраазычылыгын табуу үчүн аракет кылган жан экенин сезгем. Анан дуба кылып менин келечектеги жарым ушундай болсо экен же ушул жан маңдайыма жазылган болсо баш кошом деген элем. Кээде карасам көрүнө турган жерге туруп калат. Анан эмнегедир көзүм ал тарапка бурула берет, карабоого күчүм, дараметим жетпей калат. Ошол кезде ал менден уялып ар кимдин артына жашынып менден качканын байкайм. Ошол нерсени көргөндө көзүмдү алып, карабоого аракет кылам, бирок болбой эле көз карай берет. Коп тирмелип карап турганымды ал да байкап турабы айтор, болушунча алыс жургонго аракетAll Rights Reserved
1 part