Тойго келген коноктор шаңга бөлүнүп, кыйкырык коштогон музыкага бийлеп жатышты. Баары жеке көйгөйлөрүн унутуп, өздөрүн бир азда болсо бактылуу сезүү аракетин көрүп жаткандай. Бишкек шаарында жайгашкан "Шам" ресторанында бүгүн үйлөнүү той. Азамат жана Арууке тойду адал өткөрөлү деп чечишкен,бирок тойдо ал нерсеге көңүл бурган адамдар аз. Жакын туугандары катары менен чыгып өз баталарын беришип, соңку сөздү тамада Азаматтын апасы Бурулга узатты. Сөзүн эми баштаарда "Шам" ресторанынын свети күтүүсуз өчтү. Ызы-чуу токтоп, кобур-кобур эткен үндөр гана угулат. Келген жаштар чөнтөк телефондорунун жарыгын күйгүзө баштаганда, жарк этип свет күйдү. Баары өз ордуларына келишип той уланды.
- Урматтуу бүгүнкү биздин жакшылыкка келген – куда-кудагыйлар жана коноктор. Бүгүн келин алып, колум узарып жаткан учур. Бар байлыгым бир гана балдарым, эми минтип кыздуу болуп турам. Кубанычымда чек жок. Эн башкысы эки жаш бактылуу болсо эле болду – Бурул куда-кудагый, келген конокторго ыраазычылыгын билдирген соң баласы жана келини отурган тарапты карады. Башынан эле Аруукеге көңүлү жок эле, баласы ыйлактагандан макул болгон.
Арууке – ыймандуу, билимдүү динди жакшы түшүнөөр замат, денесин жаап, бир тал чачын дагы чоочун жанга көрсөтпөгөн адептүү кыз. Бүгүнкү тойду көрүп, айтылган бата-тилектер кабыл болоор бекен деген ойдо, ойлуу отурат. А Азамат болсо, динди толук түшүнбөсө да, адептүү адамдардын үй-бүлөсүн көрүп, ошондой үй-бүлө курушту тилек кылып, акыры жетип отурат. Азамат жаркылдаган жүзүнөн күлкү кетпей, тойго толугу менен ыраазы.
2019-жылдын жайы.
22 жашка толгон Арууке, сейил бакта китеп менен сүйлөшүп жаткандай, башка эч нерсеге маани бербей отурат. Жашыл көйнөгү жашыл айланага куп жарашып, ажаарын айдай кылып ачып турду. Көптөн бери байкап жургөн Азамат кантип сүйлөшүүнүн амалын таппай убара. Бирок бул жолкусунда барууну туура көрдү.
- Сиз улуттук университетте окуйсузбу? – деп сөз баштады.
- Кайдан билдиңиз?
- Сизди көп көрөм, дайыма китеп менен жүрөсүз. Китеп эң жакын досуңуз го ээ? – Арууке менен тил табышуу максатында, китеп жакшы жардам берсе керек деген ойдо суроо узатты.
- Китептен өткөн баалуу эч нерсе жок болсо керек бул дүйнөдө. Кечиресиз, эми мен китеп окуйун – сүйлөшүүгө чекит койгон сымал үн катты.
ВЫ ЧИТАЕТЕ
Келин
General FictionЖашообузда актуалдуу болгон, үй-бүлөдөгү келиндин ролу тууралуу жазылган чыгарма.